Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлүүдө

Автор -

Абанын температурасынын жогорулашына жана 2019-жылдын 29-мартынан 30-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

 Сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактар:

  • Төө-Ашуу ашуусу
  • Ала-Бел ашуусу,
  • Чычкан капчыгайы,
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолу,
  • Чапчыма ашуусу,
  • Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу,
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу,И
  • Ийри-Суу тилкеси,
  • Кара-Гөө ашуусу,
  • Чоң-Ашуу ашуусу,

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү