5-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Автор -

Кыргызгидромет борбору Кыргызстандын аймагында 5-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

1-апрелде күндүз жана 2-апрелде түнкусүн тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

2-апрелде күндүз жана 3-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

31-марттан 3-апрелге чейин тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми 4-5-апрелдерде туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү