Чек ара кызматкери өлкөгө келбеген Иран жарандарын мыйзамсыз каттоого алган

Автор -

Чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүп турган канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 27-мартта «Манас-аэропорту» өткөрмө бекетинин кызматкери иш жүзүндө Кыргызстанга келбеген Ирандын алты жаранын «Алматы-Бишкек» аба каттамы менен учуп келди деп мыйзамсыз каттаган. Бул үчүн ал 900 доллар алганы белгиленүүдө.

Бул факты Аскердик прокуратура тарабынан «Кызмат абалын кыянат пайдалануу», «Документ жасалмалоо» жана «Пара алуу» беренелери боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бөлүшүү