2-4-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон аймактар:
- Төө-Ашуу ашуусу
- Ала-Бел ашуусу,
- Чычкан капчыгайы,
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолу,
- Чапчыма ашуусу,
- Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу,
- Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу,
- Ийри-Суу тилкеси,
- Чоң-Ашуу ашуусу,
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.