Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Автор -

Ушул жылдын  27-мартында  УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган  эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) катарына рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында өнөктөш кызматтар менен биргеликте 1995-ж.т., КР жараны А.И. кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Такталган боюнча кармалган адам чет өлкөдө иштеп жүргөндө, КР жараны 1996-ж.т. Х.Р. менен байланышта болгон. Х.Р. КР УКМК тарабынан 2018-жылдын декабрь айында КР Кылмыш-жаза кодексинин 299- беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча күчөтүлгөн режимде жалпы тартиптеги жаза өтөө колониясында 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

А.И. көрсөтмөсү боюнча ал чет өлкөдө жүргөн мезгилде, Х.Р. ЭТУ иш аракеттерин акча каражаттары менен каржылоо максатында Туркия мамлекетине, андан ары Сирия согуштук зонасына кетүүсүнө жардам берген.

Чогултулган материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренесинин 1-бөлүмү (Жалдануучулук, башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарга же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүктү бузууга багытталган зомбулук аракеттерге пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук чыр-чатактарда же аракеттерде пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү