Жайыл районунда кар көчкү түштү

Автор -

Жайыл районунда  2-апрель күнү саат 02:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 208-чакырымында көлөмү 900м3 кар көчкү түшүп, анын ичинен 60м3 унаа жолго түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, унаа жол жабылган эмес. Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Жолду кар көчкүдөн тазалоого №9 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган. Тартылган техниканын жардамында, кар көчкү толугу менен тазаланган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү