Кадамжай районунда 8 жаштагы бала дарыяга чөгүп кетти

Автор -
294

Кадамжай районунда 8 жаштагы бала дарыяга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-апрель күнү Исфайрам дарыясына 2011-жылы туулган К. Ж. аттуу бала түшүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүүгө саат 18:49да КР ӨКМнин Кадамжай райондук №75 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, саат 22:00дө убактылуу токтотулду. 4-апрель күнү издөө иштери улантылат.