Порошенко Зеленский менен стадиондо дебат өткөрүүгө макул болду

Автор -

Украинанын президенттигине талапкерлер Петр Порошенко менен Владимир Зеленский Киевдеги «Олимпийский» стадионунда дебат өткөрмөй болду.

70 миң киши сыя турган бул жерге президент Порошенкону куудул Зеленский чакырган. Адегенде азыркы президент шайлоо мыйзамына ылайык дебат коомдук телеканалдын студиясында өтүшү керек экенин эскертти. Ошентсе да сунушка макул болду.

«Стадион болсо стадион. Сизди күтөм, Владимир Александрович»
деди Порошенко «Твиттерге» жарыялаган видеороликте.

Эки тарап жолугушуунун так убактысын белгилей элек.

Украинада президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өткөн. Анда Зеленский 30,2%, Порошенко 15,9% менен экинчи турга өтүшкөн. Экинчи тур 21-апрелге белгиленген.

Бөлүшүү