5-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

5-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасында 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 16…18° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасында 4-9 метрге жетет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү