Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен 5нен 12-апрелге чейин жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 132-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.
12-апрелге чейин жол кыймылы саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.
Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлүп турат.