Кыргызстандын тоолуу райондорунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө

Автор -

Кыргызстандын тоолуу райондорунда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу  ӨКМдин басма сөз кызматы билирди.

Маалыматка ылайык,  8-апрелде Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-3 градус үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактардын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Ал эми Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 132-135-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 72-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол—Эңилчек унаа жолунун 76-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү