Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-апрель күнү саат 16:35те Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Токтогул районунун Үч-Терек, Кетмен-Төбө, Саргата айылдарында — 3 баллга, Кара-Жыгач, Торкент айылдарында – 2,5 баллга жана Токтогул шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү