Азынчылардын республикалык мелдеши имам Сарахси атындагы борбордук мечитте өтөт

Автор -

Азынчылардын республикалык мелдеши 27-апрель күнү имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте өтөт. Баш байге – Умра сапарына жолдомо, деп билдирет Мусулмандардин дин башкармалыгы.

Бул күнү өлкө аймагынан танталып алынган 27 азанчы ат салышып, өз күчтөрүн сынап көрүшмөкчү. Азанчылардын республикалык мелдешине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана дин аалымдары катышмакчы.

Азынчылардын республикалык мелдешинин жеңүүчүсүнө Умра сапарына жолдомо ыйгарылса, калган 2 орунга баалуу белек-бечкектер берилмекчи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү