Кокон колледжинде ондогон кыз өз өмүрүн кыюуга аракет жасаганы айтылууда

Автор -
210

Кокон атайын адистештирилген өнөр жай колледжинде 2018-жылдан бери ондогон окуучу өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган.

Бул тууралуу окуу жайдын жумуштан бошотулган бир нече кызматкери билдирди. Алар буга далил иретинде Кокон шаардык ооруканасынын алынган маалымкаттын көчүрмөсүн жөнөтүштү.

Маалымкатта 2018-жылы 15-октябрдан 15-ноябрга чейин аталган колледжден шаардык ооруканага кайрылган 36 кыздын аты-жөнү аларга коюлган диагноз жазылган.

36 кыздын ичинен төртөөнүн денесинен металл ийнелер, дагы эки кыздан айнектин сыныктары табылган. Дагы бир нече кыз ар түрдүү деңгээлде жаракат алган.

Кокон атайын адистештирилген өнөр жай колледжинин мурдагы тарбиячыларынын бири төрт кыздын денесине металл ийнелер кантип киргенин төмөндөгүчө эскерди:

– Так күнүн айта албайм, бирок ноябрь айында болгон. Үч кыз колледжден качып кеткен. Алардын кармашып, изоляторго камашкан. Ал жерде кыздар ичине кийим тигүүчү ийнелерди сайып киргизишкен. Мен өзүм “тез жардам” чакыргам.

Ал окуучулар жаңы жетекчиге каршы чыгып, тарбиячылардын жумуштан бошотулушуна наарызы болуп жүрүшкөнүн кошумчалады.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Кокон атайын адистештирилген өнөр жай колледжинде бир дагы суицид аракети катталбаганын маалымдады. Жумуштан айдалган тарбиячылар окуу жайдын жетекчилиги бул көрүнүштү жашырып-жаап келет деп эсептешет.

Колледжде 247 өспүрүм кыз билим алат. Аларга жүздөй педагог сабак берет. Колледждин мурдагы жетекчилиги окуу жайдын аймагында сойкукана уюштурууга айтыпталган. Өкүм качан чыгары белгисиз.

Бөлүшүү