Быйыл окуу жылы 25-майда аяктайт

Автор -

Быйыл окуу жылы 25-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын кол койгон буйругуна ылайык, өлкөдөгү билим берүү мекемелери 2018-2019-окуу жылын 25-майда аякташы керек.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-жылдын 27-31-май күндөрү өлкөдөгү кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде билим алган билим берүү мекемелеринин окуучулары сынактарын тапшырышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү