Быйылкы окуу жылы качан башталары маалым болду

Автор -

Быйылкы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, быйыл 1-сентябрь жекшемби күнгө туш келип калгандыктан, окуу жылы 2-сентябрда башталат.

2-сентябрь күнү саат 9:00дө бардык мектептерде Билим күнүнө арналган майрамдык салтанаттар, класстык сааттар өтөт. 3-сентябрдан тарта окуу башталат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү