2019-2020-окуу жылына карата Кыргызстандын 295 мектебинде ысык тамак уюштурууга даярдык көрүлүүдө, анын ичинен 200 мектепте демилге «Мерсико» эл аралык уюмунун, 95 мектепте БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жардамы менен ишке ашырылат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда бул мектептердин ашканаларында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
«Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында бир ай бою ысык тамак уюштуруу боюнча семинар-тренингдер өткөрүлдү. Бул семинар-тренингдерге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, айыл өкмөттөрдүн башчылары, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын мектеп тамак-ашы боюнча кызматкерлери жана мектеп администрациясынын ысык тамакты уюштурууга жооптуу өкүлдөрү катышышты», — деп билдиришти ведомстводон.
Ошондой эле министрлик ашпозчуларды окутуудан өткөрүүнү пландап жатат.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн мектептеринин 60,6 пайызы (1371 мектеп) ысык тамак менен камсыз болууда.