Аламүдүн: Сууга чөгүп кеткен 4 жаштагы баланы издөө иштерине 99 куткаруучу тартылды

Автор -

Аламүдүн районунда сууга чөгүп кеткен 4 жаштагы баланы издөө иштерине 99 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу  ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, аталган райондо 11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Ат-Башы каналына 2014-ж.т. Б.Б. аттуу бала чөгүп кеткен.

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында саат 09:30да Аламүдүн райондук №1 Өрт-куткаруу бөлүмдөн 22, Токмок шаардык №24 Аскерлештирилген ӨКБдан 15 куткаруучу, суучулдар кызматынан 5 суучул, Сокулук райондук №23 АӨКБдан 10 куткаруучу, Жайыл райондук №22 АӨКБдан 10 куткаруучу, Ысык-Ата райондук №27 АӨКБдан 5 куткаруучу, Москва райондук №15 ӨКБдан 7 куткаруучу жана саат 09:55те КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлектетик борбордон 25 куткаруучу тартылган.

Жалпы 99 куткаруучу. Издөө иштери Константиновка айылынан Камышановка айылына чейин жүргүзүүлүүдө (Ат-Башы каналы жана Чу дарыясында ), Аламүдүн жана Сокулук району камтылат.

Бөлүшүү