15-апрелден тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун жаңы 16 камерасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, камералар төмөнкү жерлерде жайгаштырылды.
-
- Бишкек – Ош 154,3 км;
- Бишкек – Ош 160 км;
- Бишкек – Чалдовар 61,6 км, Кара-Балта шаары;
- Бишкек – Чалдовар 66 км, Алексеевка айылы;
- Бишкек – Чалдовар 67,3, Вознесеновка айылы;
- Бишкек – Чалдовар 74 км, Панфиловка айылы;
- Бишкек – Чалдовар 78,2 км, Панфиловка айылы;
- Бишкек – Торугарт 17,700 км, Киргшелк айылы;
- Бишкек – Торугарт 18,800 км, Люксембург айылы;
- Бишкек – Торугарт 20 км, Люксембург айылы;
- Бишкек – Торугарт 25 км, Кант шаары;
- Бишкек – Торугарт 31,7 км, Красная-речка айылы;
- Бишкек – Торугарт 39,8 км, Ивановка айылы;
- Бишкек – Торугарт 47 км, Дружба айылы.
Мамлекеттик органдардан тиешелүү сертификаттар алынган соң буга чейин Бишкекте орнотулган камералар дагы толук ишке киргизилет.
- Бөкөнбаев – Манас
- Чүй – Манас
- Чүй – Павлов
- Жибек Жолу – Манас
- Махатма Ганди – Боталиев
- Жибек Жолу – Курманджан Датка
- Ахунбаев – Байтик Баатыр
- Чүй – Абдрахманов
- Байтик Баатыр – Горький
«Коопсуз шаар» боюнча келишимге ылайык, долбоордун 1-бөлүгүнүн алкагындагы бардык 110 камера 12-майга чейин орнотулуш керек.