Кара-Суу дарыясына чөгүп кеткен 26 жаштагы бала табылбай жатат

Автор -

Аксы районунда  2-апрель күнү Ак-Жол айыл аймагынын Тегене айылында Кара-Суу дарыясына 1993-жылы туулган С. уулу К. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.

14-апрель күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен 9 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган.Натыйжа болгон жок. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:30да издөө иштери убактылуу токтотулган.

Издөө иштери 15-апрель күнү улантылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү