Уурдалган Данилди табууга көмөк көрсөткөн кыз сыйланды

Автор -

Кант шаарында уурдалган 12 жаштагы Данилди табууга жардам көрсөткөн 6-класстын окуучусу Малика Усмановага Чүй облустук ички иштер башкармалыгы белек, ардак грамота тапшырды.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 13 жаштагы Малика баланы уурдалышы боюнча милиция кызматкерлерине ыкчам убакытта так маалымат берген.

Милиция кызматкерлери мугалимдер, мектеп жамааты жана окуучулардын катышуусунда жолугушуу уюштурулуп, Чүй ОИИБнин жетекчилиги жана жалпы курамдын атынан Маликага белектер, гүл, ардак грамота тапшырылды.

Белгилей кетсек, 12-апрель күнү 12 жаштагы баланы мектепке бара жаткан жеринен уурдап кетишкени кабарланган. Кесипкөй курамдан тузүлгөн ыкчам кызматкерлер ушул эле күнү жоголгон баланы Бишкекке жакын аймактан табышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү