Жалал-Абадда изделип жаткан 15 жаштагы кыз табылды

Автор -
340

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы  Диляра Абдурасулова табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 13-апрель күнү курбуларынын үйүнөн табылып, изделип жаткан кыз ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилди.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү