Аба ырайы: мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Автор -

17-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 16…18° болот.

Май айында кандай аба ырайы күтүлөт? синоптиктер жооп берди

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү