Ноокенде жардан кулаган жаран табылды (сүрөт)

Автор -
«Куткаруучулар жардан кулаган жаранды табышты, абалы канааттандыраарлык»
деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  15-апрель күнү түнкү саат 23:25те Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Тоскоол айылынын Алаш тоосунда 1978-жылы туулган М.И. аттуу эркек киши жардан кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Ноокен райондук бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, саат 02:40ка чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.

Бүгүн, 16-апрель күнү КР ӨКМнин  Ноокен райондук №55 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан таңкы саат 06:15те издөө иштери улантылып, саат 07:40та жабырлануучуну табышкан.

Куткаруучулар жардан кулаган жаранды тоодон алып түшүшүп,  саат 10:00дө туугандарына өткөрүп беришкен, абалы канааттандыраарлык ал бутун кокустатып алган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү