Жогорку окуу жайдын имаратынын  мүлкүн уурдоого аракет жасаган жаран кармалды

Автор -

Жогорку окуу жайдын имаратынын  мүлкүн уурдоого аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин МАККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милициянын кызматкерлери тарабынан кайтарууда турган Бишкек шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан Жогорку окуу жайдын биринин имаратына кирип, мүлкүн уурдоого аракет жасаган жаранды кармашты.

Ушул жылдын апрель айынын 14нөн 15не караган күнү кызматка милиция батальонунун милиционери кызмат өтөөгө чыгышкан. 2019-жылдын апрель айынын 14-күнү болжол менен саат 20:15 чамасында милициянын кызматкери тарабынан жогорку окуу жайдын аймагын кечки кароо мезгилин өткөрүп чыкканда имараттын чыгыш тарабында жайгашкан кампалардын ичинде жайылып турган темирлерди уурдап бара жаткан жаранды байкап калышкан.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын 1970-жылы туулган Л.М. аттуу тургуну болуп чыккан. Ал Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБне жеткирилип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү