Ангела Меркель: Кыргызстан менен Германиянын экономикалык байланыштарын тереңдетүү зарыл

Автор -
219

«Кыргызстан менен Германиянын экономикалык байланыштары бар, бирок, аларды тереңдетүү зарыл», — деп билдирди Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуунун алкагында басма сөз үчүн билдирүү жасоо учурунда.

Баарынан мурда, Ангела Меркель Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрткө байланыштуу көңүл айтуу билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу менен ал Президент катары Германияга биринчи жолу расмий визит менен келгенин белгиледи жана кубануу менен аны куттуктады.

«Силер өз көйгөйлөрүңөрдү чечип жатасыңар — парламенттик демократиянын орношу, табигый жаратылыш ресурстарына болгон мамиле, геостратегиялык кыйынчылыктарды жеңүү жана көп тараптуу кызматташуу. Булардын баары бизди бириктирип турат»
деди Ангела Меркель.

Германия билим берүү жаатында жаштар менен алмашуу боюнча  эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багыт алгандыгын белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосунда билим берүү чөйрөсүндө 25 өнөктөшүбүз бар. Германияда 500дөн ашык студенттер окушат жана сиздердин делегацияда немис азчылыгынын өкүлдөрү бар. Алар биздин өлкөлөрдү бириктирген көпүрө болушууда. Бүгүн Кыргызстанда дагы 8 миң немистер жашашат»
деп белгиледи ал.

Ангела Меркель кечээ Мюнхенде өткөн экономикалык форум эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу үчүн жакшы старт болуп калганын белгиледи.

«Сиздер Кыргызстанды жана өлкөнүн өнүгүү чөйрөлөрүн жакшы көрсөттүңүздөр. Өлкөнү регионалдык бекемдөө боюнча милдеттерге чоң урматтоо менен караймын. Өзгөчө сууну пайдалануу жана климат чөйрөлөрүндө. Арал деңизин сактоо боюнча фонддун алкагында биз бул көйгөйлөрдү биргелешип чечебиз. Евробиримдик азыр Борбор Азия боюнча жаңы стратегияны иштеп чыгууда жана бул контекстте биз сиздер ЕБдан эмнени күтөөрүңүздөрдү уккубуз келет»
деп Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель сөзүн жыйынтыктады.
Бөлүшүү