Ушул жылдын 17-апрелинен 19-апрелине чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 223-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 81-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Ошондой эле жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.