Бажы кызматынын кызматкерлери  900 миӊ сомдук мыйзамсыз товарды кармады

Автор -

“Баткен” бажысынын Контрабандага жана Бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 2019-жылдын 10-апрель күнү болжол менен саат 22:00 чамасында, Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын жараны Ю.А.Снын башкаруусундагы  “RENAULT PREMIUM” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны кармашкан.

Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда, Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташып келе жаткан мурда колдонулган, жалпы салмагы 22000 кг., “аккумуляторлор” табылган. Кармалган товардын суммасы 961 895 сомду түзөт.

Бул факты Маалыматтарды каттоо журналына катталып, материалдар Баткен областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү