Саресеп: Аптанын алты окуясы

Автор -

Азиз Батукаевге карата бир кезде козголуп, токтоп калган кылмыш иши кайрадан жандандырылды. Бул тууралуу парламенттин отурумунда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. Бул сотко чейинки өндүрүш 2019-жылдын январында эле козголгон болчу.

Депутат, милициянын генерал-майору Зарылбек Рысалиев Башкы прокурордон Азиз Батукаевдин иши боюнча өзүн качан суракка чакыраарына кызыкты эле, Өткүрбек Жамшитов ага: “сизди суракка чакыруу пландаштырылган” деп жооп берди.

Коомчулукка белгилүү болгондой, Азиз Батукаевди 2013-жылы, мөөнөтүнөн мурда, Нарын түрмөсүнөн мыйзамсыз-коррупция жолу менен бошотушкан жана колуна Кыргызстандын жаранынын паспортун мыйзамсыз карматышып, Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй урмат-сый менен «Манас» аэропортунан менчик У1Р- самолётто Чечняга узатышкан.

Азиз Батукаев боюнча козголгон кылмыш иши боюнча депутат-генерал Зарылбек Рысалиёвди суракка чакыруу пландаштырылгандыгынын себеби — Зарылбек мырза 7-кабаттагылар Батукаевди түрмөдөн бошотууга тымызын буйрук беришкен кезде чоң курсак Зарылбек мырза Кыргыз өкмөтунүн алдындагы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, б.а. түрмөлөр башкармалыгынын төрагасы болчу.

Азиз Батукаев абактан кутулуу максатында 2012-жылы “жыртык ыштан” аттуу депутат аркылуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин төрагасы Садыр Жапаровго 3 миллион доллар акча сунуш кылып, ал аракет ишке ашпай калган соң, 7-кабатка 5 миллион сунуш кылган соң (АША, Атаханов, Табалдиев, Салянова, Турсунбек Акун),тез арада Батукаевге шашылыш түрдө Кыргызстандын паспорту берилип, үч күндөн кийин өлүп калат деген жасалма диагнозду билдирген документтер даярдалып, абактан бошотулган болчу.

Гезитибиздин өткөн жылдагы 1-санын- да (2018-жыл) жарыяланган интервьюда Зарылбек Рысалиев кабарчыбыздын тийиштүү суроосуна: “мен кызматта жүргөндө мага сунуш кылынган паранын эң жогорку суммасы 5 миллион доллар болгон” деп айткан эле. Сыягы,Садыр Жапаров Батукаевдин 3 миллион доллар өлчөмүндөгү коррупциялык сунушун четке каккандан кийин, атактуу вор ал суммага дагы 2 миллион доллар кошуп, ЖАМКнын төрагасына кайрылгандай сыягы. Ар-намыстуу генерал мындай күмөндүү сунушка макул болбогон соң,Азиздин аталган ири суммадагы сунушун жогорудагы “пятёрка” кабыл алгандай.

Маскарапоз Атамбаев ошончолук эле улуу гуманист болсо жана колу таза болсо, ак жерден абакта тумчугуп, рак илдетинин акыркы 4-стадиясынан жабыркап, өлүм алдында жаткан Мурат Суталиновду бошотпойт беле?!

Атактуу Азиз ворду кармап келүүгө Кыргызстандын күчү жетиши өтө эле күмөндүү. Ошондуктан, орустун жардамы менен Батукаевди тирүүлөй кармап келип, Атамбаев баш болгон жогорудагы “пятёрканы” чогуу бир зынданга отургузушса кандай сонун, кандай гана адилеттик болор эле, атаганат…

Дача-СУ авиакырсыгы боюнча иш жанданды

2017-жылы 16-январда Бишкектин четиндеги “Манас” аэропортуна жакын жер- деги Дача-СУ айылына таңга жуук кулап, 39 адамдын, анын ичинде төрт чет элдик учкучтун өмүрүн алган жүкташуучу Воетд 747 учагы кулашы боюнча кылмыш иши кайра иликтенүүдө.

Кыргызстандын тарыхындагы кылымдар бою унутулбай кала турган бул каргашалуу авиакырсык болгон учурда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев жубайы менен Кытайга иш сапар менен барып, кайтып келген болчу. Бирок аба ырайына байланыштуу “Манас” аэропортуна конууга мүмкүн болбогондуктан, президенттин учагы “Тамчы” аэропортуна конгон. Бир чети ушул жагдайдан улам, экинчиден 39 адамды, айрым үй-бүлө мүчөлөрүн бүтүндөй басып калып, сөөгү да табылбай калган, жаш балдар уйкудан ойгоно элек таңкы үрүл-бүрүлдөгү бул апаат болгон айылга мамлекет башчы катары бир барып койбогондугу үчүн бүтүндөй элдин кыжыры келип, жүк А. Атамбаевге тиешелүү деген имиштер чыгып кеткен.

Мындай маалыматты айткан башкы прокурор Ө. Жамшитов парламент депутаттарына

“Азыр тергөө болуп жатат, калганын ошонун жыйынтыгы менен айталы. Бардык кылмыш иши тергелип жатканда купуя сыры болот. Кандай гана кылмыш иши болбосун мен өз пикиримди айтсам, тергөөчү “башкы прокурор айтып жатат” деп аны желек катары көтөрүп алышы мүмкүн”
деди.

Баш прокурор ошондой эле Ички иштер минисгрлиги тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын айтып, бирок ал чечимди Башкы прокуратура жокко чыгаргандыгын кошумчалады.

«2019-жылдын 14-январында ИИМдин токтому жокко чыгарылып, сотко чейинки өндүрүш иши болуп жатат. «Боинг-747» учагы Гонконг-Стамбул боюнча багыталып, «Манас» эл аралык аэропортунан май куюу максатында техникалык конуш үчүн кайрылып келген. Кырсык ошондо болуп жатат. Бүгүнкү күндө иш жандандырылып, ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп жатат»
деди Ө. Жамшитов депутаттардын бул маселе боюнча жооп берип жатып.

Лейлектеги Катта-Туз мунай кени кайрадан Тажикстанга берилди

Өткөндө, март айында Баткен районунун Ак-Сай айылы менен кошуна Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, эки тарап тең жолду төрт күн жаап салгандан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын вице- премьер-министрлеринин деңгээлинде сүйлөшүү жүрүп, араң жол ачылган. Бирок анда тараптар эмнени сүйлөшүп, кандай документтерге кол коюлгандыгы жашыруун сыр катары сакталып, ачыкка чыккан эмес. Көрсө, биздин жетекчилер Лейлек районундагы Катта-Туз мунай кенин кайрадан Тажикстандын пайдалануусуна берип салыптыр. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылы Кыргызстандын карамагына өткөн Катта-Туз кени жайгашкан аймакта иштеген тажик жарандары чыгарылган. Бирок мындан эки жыл мурун аталган тилкеге тажик жарандары кайрадан кирип, мунай кенин иштете баштаган. Токон Мамытов вице-премьер-министр болуп турган кезинде аталган кен Кыргызстанга караштуу деген негиз менен өкмөттүн карамагына өткөрүлгөн. Бирок кийин макамы аныкталбай, көпкө чейин кечеңдегендиктен кайра Тажикстан колдонуп келген.

Катта-Туз жайгашкан аймак Кыргызстанга караштуу, бирок көп жылдан бери аны Тажикстан колдонуп келүүдө.

Бишкектиктер жакшы билбеген менен Катта-Тузда бүтүндөй Кыргызстанды камсыз кыла албаса да, Баткен облусунун жарым миллионго жакын калкына жыл бою жете турган газ жана мунай кендери бар. Эгер ондогон чарчы километр бул жерди өзүбүз эле иштетсек, экономикалык жактан бир топ утушка ээ болуп, жумушсуздук көйгөйү да чечилмек. Баарынан да жыл сайын жазында арыгын биз тарапты көздөй тазалаган тажиктер бул мунай жана газ кенин кийин биротоло “биздин жер болчу” дел чыкпастыгына ким кепил боло алат. Марттагы чек ара жаңжалын чечүүдө кыргыз тарапты жетектеген вице-премьер-министр Жеңиш Раззаковдун тажиктер менен кандай алака-катышы бар?…

Ошко чет өлкөлүк коноктор келе баштады

15-апрелден тарта “Ош шаары-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу Эл аралык салтанатына чет өлкөлүк каты- шуучулар келе башташты.

Аларды Ош Эл аралык аэропортунан мэриянын өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты. Алгач эле Түркия, Казакстан, Македония, Сербия мамлекеттеринен жана Бишкек шаарынан 100гө жакын чыгармачыл топтор, музыканттар жана ырчылар келишти. 20-апрелге чейин Түркия, Казакстан, Македония, Сербия, Азербайжан,

Өзбекстан, Россиянын Башкыртстан, Тыва Республикаларынан 500гө жакын чыгармачыл топтор жана расмий коноктордун келиши күтүлүүдө.

20-апрелде “Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” Эл аралык салтанатынын алкагында «Түрк дүйнөсүнүн этно-маданият фестивалы» өтөт. Анда «Эл- дик каада-салттар», «Этно-музыка», «Этно- мода», «Кол өнөрчүлөр», «Улуттук тамак- аштар» көргөзмөсү уюштурулат. Мындан сырткары, “Түрк элдеринин маданияты Сулайман-Тоодо” эл аралык маданий программасы, Түрк элдеринин “Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү” жана борбордук стадиондо “Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун расмий салтанаттуу ачылыш аземи болот.

 

Шаар күнүнө карата Бишкекке жаӊы автобустар келет

 Бишкектин мэри А. Суракматовдун айтымында, 20-апрелден кийин шаарга мурда сатып алынган 60 автобус келет.

«Жаңы автобустарды 29-апрель шаар күнүндө каттамга чыгарууну пландап жа- табыз. Учурда алардын каттамы боюнча иш жүрүүдө. Автобустар жетишпеген каттамдарга кошумчалап, борбор жакта маршруттук унааларды аларга алмаштырышыбыз мүмкүн»
деди ал.

Ал белгилегендей, долбоордун экинчи баскычы боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бишкек мэриясы ошондой эле жаңы автобустар жалаң гана газ менен жүрүп, билет алуу Союздун учурундагыдай талон системасы аркылуу болорун билдирүүдө.

Чындыгында акыркы жылдары борбор калаабызда жүргүнчүлөрдү тейлеген жеке менчик коомдук транспорттун абалы өтө начарлап, айдоочулардын тейлөө маданияты, жүрүш-турушу, жүргүнчүлөргө жасаган мамилеси элдин кыжырын келтире баштаган. Алар каалаганда жүрүп, каалабаса токтоп.жалаң гана акча менен иштеп калышкан. Эми жаңы автобустар менен кошо бул көйгөйлөр жоюлуп, коомдук транспортто элди тейлөө цивилизациялуу жолго түшөт деп ишенебиз.

Булак: «Жаӊы ордо» гезити. №13 (627), 19-апрель, 2019-жыл.

Бөлүшүү