Владимир Зеленский президент болуп шайланды (видео)

Автор -
351

Пётр Порошенко президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы атаандашы Владимир Зеленскийге телефон чалып, аны жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Улуттук экзитполдун жыйынтыктары жарыялангандан кийин басма сөз жыйынын өткөргөн Зеленский билдирди.

Экзитпол маалыматтарына ылайык, Зеленский 73 пайыздан, Порошенко 25 пайыздан ашык добуш алды.

Мурдараак тарапташтарынын алдында сүйлөгөн Порошенко экзитполдун жыйынтыктары ишенимдүү экенин айтып, атаандашын жеңиши менен куттуктоого даяр экенин билдирген. Ал ошондой эле шайлоо адилеттүү жана ачык өткөнүн кошумчалаган.

Учурда добуштар саналып, болжолдуу маалыматтар өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланууда. Бюллетендердин 71 пайызы саналып бүткөндөн кийин Зеленский добуштардын 73,3 пайызын, Порошенко – 24,64 пайызын алды. Акыркы маалыматтарга ылайык, добуш берүүгө шайлоочулардын 62 пайыздан ашыгы катышкан.

Улуттук экзитполдун маалыматына караганда, шоумен Владимир Зеленскийди Украинанын дээрлик бардык аймактары, анын ичинде батыш облустары дагы колдогон. Ал туулуп-өскөн Днепропетровск облусунда шайлоочулардын дээрлик 90 пайызынын колдоосуна ээ болгон. Порошенко өлкөнүн батышындагы эки облуста гана добуштардын көбүн алды. Добуш берүү аннексияланган Крымда жана Орусия колдогон жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донбасстын райондорунда өткөрүлгөн жок.

Экзитполдун жыйынтыктары жарыялангандан кийин шайлоо штабында сүйлөгөн Зеленский үй-бүлөсү жана командасына ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле бардык постсоветтик өлкөлөргө кайрылып, аларды Украинадан үлгү алууга чакырды.Порошенко болсо саясаттан кетпей турганын жана өлкөнүн европалык тандоосун коргой турганын билдирди. Мындан тышкары ал Зеленскийдин жаңы кызматтагы алгачкы кадамдарына жардам берүүгө даяр экенин айтты.

Владимир Зеленский Орусияда камакта жаткан бардык украин жарандарын, аскер туткундарын, анын ичинде былтыр Кара деңизде орус чек арачылары кармап кеткен деңиз аскерлерин бошотууга аракет кыла турганын белгиледи. Ал ошондой эле Орусия менен «норманд форматында» сүйлөшүүлөр улантыларын билдирип, негизги максаты Донбасста ок атууну токтотуу экенин айтты.

АКШнын Киевдеги элчилиги Зеленскийди жеңиши менен куттуктады. Мындан тышкары аны Еврокеңештин башчысы Дональд Туск менен НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг куттуктады. Украинанын жаңы президентинин инаугурациясы 3-июнда өтүшү керек.

  • Владимир Зеленский 1978-жылы туулган. Элге куудул-актёр жана шоумен катары таанылган. Ал 1990-жылдардын аягы, 2000-жылдардын башында «95-квартал» командасынын курамында КВНдин жогорку лигасында ойногон. Кийин «Квартал 95» чыгармачыл студиясын негиздеп, анда актёр жана продюсер болуп иштеп келген. Бир топ комедиялык кинотасмаларга тартылган.
Бөлүшүү