«Титаник» кемеси тууралуу кызыктуу фактылар

Автор -
1212

Кеме жолго чыкканына 4 күн болгондо эле кырсыкка кабылган

Бир кылымдан ашык, тагыраак айтканда мындан 107 жыл мурда 1912-жылдын 10-апрелинде «Титаник» кемеси Саутгемптон — Нью-Йорк багыты боюнча өзүнүн биринчи жана акыркы сапарын жасаган. Болгону 4 күндөн кийин эле 2000ден ашык адамды алып бара жаткан кеме Анлантика океанынан кокусунан чоң музду сүзүп кырсыктаган. Кеме ошол учурдун эң чоң, эң кооз жана эң оор кемеси болгондуктан 2 жарым саат чөккөн.

RMS Titanic in Thompson Graving Dock.jpg

Кырсыктан аман калгандардын бири кеменин ашпозчусу, анын жанын коньяк сактап калган…                                                                                                           

Кырсыктан аман калгандардын 74%ы аялдар, 20%ы эркектер, калганы жаш балдар болгон. Кеменин тейлөө кызматкерлери дээрлик жандарын сактаган эмес. Тасмада көрсөтүлгөндөй, андагы музыканттар кеме чөгүп кеткенче музыканы токтотпой ойной беришкендиги чындык. Кемеде негизинен коопсуздукка караганда сулуулукка көбүрөөк көңүл бурулган дешет. Анткени кемеде жан сактай турган кайыктар жүргүнчүлөрдүн 30%ын гана камсыздай алган. Кеме чөгүп кеткенден кийин тирүү калгандардын тагдыры бир топ жылга чейин жашыруун бойдон калган. Чөккөн адамдардын арасында кеменин ашпозчусу Чарльз Джуфин Кудайдын буйругу менен аман калган. Ал өз кезегинде берген маектеринде аны спирт ичимдиги аман алып калгандыгын көп айткан. Кеме акырындан чөгө баштаганда кайыктагы орундуктарга жетпестигине көзү жеткен ашпозчу сууга чөгөөр алдында бир бөтөлкө коньякты толуп/ мемеы ичип алгандыгын ошол ичимдиктин арты менен океандын суугун сезбей, тоңуп калбагандыгын айтып берген.

Титаниктин» жүргүнчүлөрүнүн көбү жаңы үйлөнгөн түгөйлөр болгон

Тарыхта болуп көрбөгөндөй шаң менен сапарга чыккан кеме 3 катмардагы адамдарды алып бараткан. Кемеде болжол менен 2020 адам болгон. Бирок алардын 705и гана тирүү калган. Жүргүнчүлөрдүн көбү жаңы үйлөнгөндөр болчу дешет. Алар үлпөт тойдон кийинки бал айын өткөрүү үчүн кыялдан турган «Титаник» кемесине билетти алдын ала сатып алышкан. Билеттин эң кымбаты ошол учурда 100 миң доллар болчу. Кеме кырсыкка кабылаардан мурда, капитандын жардамчысы Уильям Мердок айсбергди баамдагандыгын, бирок кандайдыр бир себептер менен сигналды кечирээк бергендиги айтылып жүрөт. Эл кеме музга урунгандан кийин деле бейкапар кеменин ичиндеги муздарды ары-бери тээп ойноп жүрө беришкен. Ызы-чуу болбосун деген кеменин ээлери көбүнө анын жакын арада чөгөөрүн кабарлашкан эмес.

B-58.jpg

Кеме 4000 метр тереңдикке чөккөн. Изилдөөлөр 73 жылдаи кийин гана башталган…

Кеме чөгүп кеткенден кийин тирүү калгандар кемени чөккөн жеринен алып чыгууну, жок дегенде кымбат буюмдарды, алтындарды кайтарып алууну сунушташкан. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. Себеби кеме 4000 метр тереңдикке чөгүп кеткен. Мындай тереңдикке батынып кирүүгө эч бир техниканын күчү жеткен эмес. Кеме ошол бойдон бир топ жыл изилденген эмес. 73 жылдан кийин, тагыраагы 1985-жылы гана биринчи жолу атайын аппараттын негизинде кеме сүрөткө тартылган.

«Титаник» тууралуу эң алгачкы тасма кырсыктан кийин 1 айдан кийин тартылган. Башкы ролду «Титаниктен» аман калган актриса ойногон. Ал эми бүтүндөй кино сүйүүчүлөрүнүн сүйүктүү киносуна айланган «Титаник» киносу 1997-жылы Джеймс Кэмерон тарабынан тартылган.

Картинки по запросу титаник

Булак: «Фабула » гезити. 19-апрель, 2019-жыл.

Бөлүшүү