Мирлан Бакиров: Өкмөт көмүскө экономиканын көйгөйлөрү боюнча тереӊ ойлонуусу кажет

Автор -

Бүгүн, 19-апрелде «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчету тууралуу” маалымат угулду.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова баштаган Өкмөт мүчөлөрү, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты.

Вице-премьер-министр А.Өмүрбекованын маалыматы боюнча 2018-жылы КР Өкмөтүнүн «Биримдик, Ишеним. Жаратмандык» программасынын максаттары 93,3% аткарылган. 2018-жылы экономикалык өсүштүн оӊ динамикасынын сакталышы негизги натыйжа болду. Экономикалык өсүш 2018-жылы болжолдуу көрсөткөчтөн 0,7%дык пунктка ашты. Өткөн жылы салыктык кирешелердин жалпы көлөмү 116 613,7 млн сомду түздү, мурунку жылга салыштырганда 13 245,8 млн сомго же 12,8%га көбөйдү. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын (ички дүӊ продукциянын) көлөмү 557,1 млрд сом суммасында болду жана реалдуу өсүш темпи болжолдуу мааниде 102,8 болсо, 103,5%ды түздү (2017-жылы реалдуу өсүш 104,7%ды түзгөн). Мындан сырткары, А.Өмүрбекова түз инвестициялардын келиши 7%га кыскаргандыгын, регионду өнүктүрүү боюнча кабыл алынган пландар 90%га аткарылгандыгын, атамекендик продукцияларды сыртка чыгаруу, электрондук кызмат көрсөтүүлөр жана башка иштер жасалгандыгын кошумчалады.

Талкууда депутат Исхак Масалиев 2018-жылы бажы, салык кызматтары болжолдонгон планды аткара алышпагандыгына токтолуп, отчетто айрым жеке жактар же жеке компаниялар тарабынан жасалган иштер дагы кирип калгандыгын сынга алды. Жыйын жүрүшүндө мамлекеттик мүлктөрдү башкарууда, ижарага берүүдө жылыштар бар экени, 702 млн кВ/с электр кубаты Өзбекстанга экспорттолгону, 3 жылдан бери электр кубаты импорттоло электиги айтылды. Муну менен катар эл өкүлдөрү электр кубаты импорттолбогон шартта анын тарифи арзандашы керектигин билдиришти.

Депутат Зиядин Жамалдинов 2018-жылдын бюджети 6 млрд сомго аткарылбай калгандыгын белгилеп, Экономика министрлигинин жоопкерчилиги каралышы керек деген пикирин ортого салды.

«Чет өлкөдө жүргөн мигранттар 2018-жылы Кыргызстанга 2,6 млрд сом которушкан. Бирок аларды тиешелүү деӊгээлде колдой албай жатабыз»
дейт З.Жамалдинов.

Депутат Мирлан Бакиров КР Өкмөтү көмүскө экономика боюнча тереӊ ойлонуусу керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда көмүскө экономика болжол менен 40-60%ды түзүүдө. Депутат буга токой чарбасын мисалга тартты. Ошону менен катар Өкмөт тышкы карызды төлөөнү приоритет катары кабыл алып, иш алпарышы керектигин кошумчалады.

«Ал эми «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирип, тартип кадимкидей байкалды. Бирок 5-10 миӊ сом айлык алган жөнөкөй жарандар үчүн жол эрежелерин бузуудагы айыппулдар өтө эле жогору. Шайлоочулардан эл өкүлдөрүнө көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө»
дейт ал.

Жыйынтыгында депутат Исхак Масалиевдин сунушу менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун эске алуу боюнча чечим кабыл алынды.

Бөлүшүү