Назарбаев Nur Otan партиясынын съеддинде көз жашын тыя албай, ыйлап жиберди (видео)

Автор -
661

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Nur Otan партиясынын съездинде көз жашын тыя албай ыйлап жиберди. Бул тууралуу NUR.KZ.   маалымат агенттиги жазып чыкты.

Назарбаев өзүнүн жыйынтыктоочу сөзүндө  Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин  президенттике сунуштагандан кийин өз сезимдерин жашыра алган жок.

Ал «Елім менің, аңсаған» ыры ырдалып жатканда көз жашын тыя албай, ыйлап жиберген.

Съездге келгендер Назарбаевди колдоп, аны кучактап сезимдери менен кошо бөлүшкөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү