Жээнбеков: Атамбаев партиясын тарттырып жиберсе, башка партия түзүп,шайлоого барат

Автор -
203

— КСДП партиясынын «кожоюну» Сагынбек Абдрахманов деп Адилет министри расмий түрдѳ каттады. Бул күтүлгѳн окуя беле? Атамбаев партияны колдон бат эле чыгарып жиберүүгѳ даяр болчубу?       

— КСДП партиясынын ичиндеги талаш кѳптѳн бери коомдук мейкиндикте, маалымат каражаттарында кызуу талкууга түшүп жаткан окуялардын бири болуп калды. Бийлик Атамбаевден бул партия-ны тартып алгысы келип жатат, мурунку президент болсо партияны бербегенге болгон аракетин кылууда. Биз канткен кундѳ дагы Кыргызстандагы реалдуулукту карашыбыз керек. Кыргызстанда партиялар адам менен тыгыз байланышкан. КСДП дегенде Атамбаевдин партиясы деп баардык адамдар ойлойт. Ошондуктан, бийликтин Атамбаевдин партиясын тартып алып жатканы биринчиден туура эмес, саясий маданиятка жатпаган иш болуп эсептелет. Экинчиден, мамлекеттик уюмдардын ушул партиянын ичиндеги эки тараптын бирѳѳсунѳ кошулуп, тез арада кайра каттоодон ѳткѳруп жатканы, ѳздѳрүнүн базасында ѳзгѳртүүлѳрдү киргизип жибериши туура кадам болбой калды. Атамбаев кѳп жылдардан бери саясатта жүргѳн адам. Мурунку президент катарында дагы башынан кѳп нерселерди ѳткѳздү. Ошондуктан, Атамбаев партиясын тартып алып жаткандан кийин баардык нерсеге даяр болуп олтурат. Партияны тартып алса эмне кылам? Сактап калсам кандай кадам таштайм?- деген суроолорго жооп даярдаган болсо керек. Шайлоо келе жатат, партиясынан ажырап калса деле шайлоого кантип барам(?) дегенге жообун даярдап олтурат деп ойлойм. Ал бийликте турганда кѳп нерселерди жасаган. Бүгүнкү бийлик ага оппозиция катарында кѳп нерселерди жасаганга мүмкүнчүлүгү бар экен, жасай аларын түшүнүп жатса керек.

— КСДПны алдырган Атамбаев кийинки шайлоого кайсыл партия менен барышы мүмкүн? ѳзүнүн шайлоого катышууга каалоосу барбы? Партиядан ажыроо Атамбаев үчүн катуу эле сокку болдубу?       

-Кыргызстандагы профессионалдуу саясатчы утса дагы, утулса дагы дайыма шайлоолорго даярданат. Мен дагы саясатчы катары шайлоого даярданам,баардык шайлоолорго барганга аракет кылам. Ошол сыяктуу Атамбаев деле келерки шайлоого даярданып жатат деп толук ишенем. Ал сѳзсүз шайлоого барат. Андан башка жолу жок. Эгерде партиясын тартып албай турган болсо, ѳзүнүн партиясы менен чыгат. Партиясын тарттырып жиберсе, Атамбаевдин башка партия түзүп шайлоого барарын так билем. Башка партиялар менен дагы келишимге барып, Союздаш болуп чыгууга даярданып жатат деп ойлойм. Атамбаев үчүн бул окуя чоң трагедия эмес. Менин партиямды деле тартып алып жатса, мен үчүн деле трагедия болмок эмес.

Булак: «Жаӊы ордо» гезити №13 (627), 19-апрель, 2019-жыл.

Бөлүшүү