Айлардын падышасы Рамазан айына кантип даярдануу керек?-бизден сизге пайдалуу кеӊеш

Автор -
1785

Бир жылда бир келчү ыйык Рамазан айына саналуу күндѳр калды. Бул айда сансыз күнѳѳлѳр кечирилип, амалдардын сообу бир канча эсеге кѳбѳйтүлѳт. Ар бир мусулман бул берекелүү айды жакшы даярдык менен тосуп алууну дилинде каалайт, бирок ал үчүн эмне кылуу керек экендигин жеткире түшүнѳ бербейт. Ичимдик ичпегенин гана эсепке алгандар да жок эмес. Маалымат булактарына таянып орозого кандай даярдануу керек деген суроого азыноолак жоопторду таптык.

Рамазан айына чейин 5 карыздан кутулуӊуз

Албетте, биринчиден, карыздардан кутулуудан баштоо зарыл. Эскерте кетсек,  Рамазан айына чейин карыздардан кутулуп, даярдык кѳргѳн жакшы, а эгер кырдаал-шарт туура келбей мындай кыла албай калса, ал күнѳѳ катары эсептелбейт.

1 — карыз. Күнѳѳлѳрдүн кечирилишин тилѳѳ.    

Эгер бирѳѳнүн акысына кирсеңиз, анын акысын кайтаруу.Бардык жакшы иштердин ишке ашышына адамдын күнѳѳлѳрү тоскоолдук кылат. Андыктан Аллахтан билип-билбей кетирген күнѳѳлѳрдүн кечирилишин тилеп дуба кылуу керек. Аллах Таала Ниса сүрѳсүнүн 106-аятында: «Ал-лахтан кечирим сура! Анткени, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү»,-дейт.  Демек, кандай гана күнѳѳ кетирбеңиз, сиз Жараткандын ырайымынан үмүт үзбѳшүңүз зарыл. Ошондой эле эгер сиз кайсы бирѳѳнү кокусунан же атайылап таарынтып алган болсоңуз, ошол адамдын ѳзүнѳн кечирим су-роо да ѳтѳ маанилүү. Ыйык Рамазан айына чейин жакындарыңыз, айланадагы сиз менен байланышы бар адамдар менен болгон мамилени оңдоп алуу зарыл.

2-карыз. Кимдир бирѳѳгѳ сѳз берсеңиз, аны орундатыңыз.

 Ыйык Рамазан айына чейин кимдир-бирѳѳгѳ кайсы бир нерсе тууралуу сѳз берип, аны аткара элек болсоңуз, болгон күчүңүздү жумшап, сѳзүңүзгѳ турганга аракет кылыңыз. Мисалы, апаңызга үйдүн кайсы бир жерин оңпоп-түздѳѳңүз тууралуу сѳз берсеңиз, аны орундатыңыз. Ушул сыяктуу нерселерге «майда-барат да» деп кѳңүл бербей койбоңуз. Абу Хурайра келтирген хадисте пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип айтканы баяндалат: «Мунафыктын (эки жүздүү адам) 3 белгиси болот: бир нерсе айтса калп суйлѳйт, ага аманат тапшырылса кыянаттык кылат, эгер сѳз берсе аны аткарбайт».

3-карыз. Карыздардан кутулуу. 

Орозого чейин карыздарыңыз болсо эстеп, алардан кутулганга аракет жасаңыз. Негизи эле карыздарга шалаакы мамиле жасоого болбойт. Хадисте: «Үй-бүлѳсү муктаждыкта жана карыз-дары бар адамдын кайрымдуулугу кабыл болбойт» деп айтылган.

4-карыз: Аманаттан кутулуу. 

Сизге ишенип тапшырылган аманаттан эртерээк кутулган жакшы. Анткени ал ѳзүнчѳ бир жүк. Аманатты ошол бойдон сактап, ээсине жеткирүү керек. Жогоруда айтылгандай, мунафыктардын белгилеринин бири — аманатка кыянат кылуу. Андыктан бул нерседен абайлоо керек.

5-карыз: Карыз орозолорду кармоо.

Ѳткѳн жылкы Рамазанда белгилүү  бир себептер менен кармалбай калган орозо күндѳрдүн ордун толтуруу керек. Бакара сүрѳсүнүн 185-аятында мындай деп айтылат: «… кимде-ким Рамазанда ооруп калып, же сапарга чыкса башка күндѳрдѳ санын толтурсун…» Эгер адамдын ѳтѳ чоң эле себептери болуп калбаса, каза орозолорду кийинки келе жаткан Рамазандан аркы убакка жылдырганга болбойт. Андыктан бул жагын да эске алып, каза орозолорду келе жаткан Рамазан айына чейин кармап бүтүрүү абзел.

Орозо кармаганга даярдануу

Акылдуу адамдар, даанышмандар сыноого алдын ала даярданышат экен. Мисалы, спортсмендер деле күч сынашууга, мелдешке чыгаар алдында муун-булчуңдарды тынбай машыктырат, антпесе физикалык оорчулук болгондо булчундар жабыркап, ден- соолугуна олуттуу зыян келтирип алмак. Бул жылы Орозо айы 5-б-майда башталары болжолдонууда. Ал убакта мусулмандар 17 сааттан ашык убакыт бою ач жүрүүгѳ мажбур болот. Андыктан бул жооптуу мезгилге даярдануу боюнча адистер кеңеш беришиптир.

1. Орозо кармоого дароо киришкенде кыйналып калбас үчүн дүйшѳмбү, бейшемби же айдын ортосунда бир күндѳн ооз бекитип турганда адамдын аң-сезими да, ден соолугу да кѳнүп алдыда кармай турган орозого даярданат. «Ар айда үч күн орозо кармоого кѳнүккѳн адам ар жылы орозо кармайт» деп пайгамбар деле насаат калтырган экен. Айрыкча быйыл биринчи жолу орозо кармоого ниеттенгендер жана былтыр жаңы кошулгандар үчүн бул кеңеш абдан пайдалуу.

2. Азыртан эле куурулган, майлуу, жарым фабрикат тамакка чектѳѳ киргизип баштоо зарыл. Кумшекер, таттуу, ун азыктарынан даярдалган тамак, фастфуд, газдалган суусундуктар, чипсы, кетчуп, майонезди, консервант менен узак сактоого ылайыкташкан азыктардын бардык түрүн ченеп колдонгонго кѳнүгѳ бериңиз.

З. Кофе менен чайды азайтыңыз. Ѳзгѳчѳ баш ооруганда кофе же чай ичип эс алып калгандар болсо орозо кармоо учурунда кыйналып калышат.

4. Жок дегенде жумасына бир күн тазалануу жүргүзүңүз же күнү бою жашылча-жемиш менен тамактануу керек, шире же суу менен тазалануу дегендей, тандоо сиздин кѳңүлүңүздѳ.

5. Орозо кармоодо ооз бекитүү жана ооз ачуу убактысын билесиз, демек бүгүндѳн баштап уктоо режимин да ѳзгѳртүп ал жагдайга аң сезимди, организмди кѳнүктүрүү да орчундуу маселе. Антпесе уйку да Рамазан айында ѳзүңүздү бактылуу жана сергек сезиш үчүн маанилүү нерсе. Орозо кармоонун шарттарын туура аткаруу учун сиз сергек болушуңуз талап. Уйку канбай калганда адамда кызыгуу, туура ой жүгүртүү да бузулат. Стресс жана ачуулануудан качыш үчүн эрте жатып, эрте турган шартка даярдана бериңиз. Балким Рамазан айы башталганга чейин түштѳ бир маал уктап эс алып алганга убакыт таап кѳнүгѳ берүүнү ойлонуңуз.

 б. Рамазан айы кадам жакындаган сайын жакшы иштерди жасоого жүрѳктү даярдоо абзел. Ыйык Куранды окуу, намаз окууга мечитке каттоо, кайрымдуулук иштерин кылуу менен алек болгон учур келди.

7. Жаман адаттардан жана терс сапаттардан арылууга аракет кылыңыз. Куранда айтылгандай: «Аллах адамга эки жүрѳктү бир денеге тартуулаган эмес!» Орозо учурунда намазды калтырган болбойт. Ыйманга чакырбаган, адамдык адеп-ахлакка туура келбеген беруүүлѳрдү кѳргѳндѳн баш тартыңыз. Андай болбосо ачка журуп күнѳѳ топтогондон не пайда! Эгер адам жалган айтканын койбосо, калп айтып туура эмес кадамдарга барса, анда Аллахка тамагы менен ичкенин тыйгандын кереги жок!»

8. Эгер буга чейин гастрит, ашказан жарасы сыяктуу ашказан-ичеги оорулары менен ооруп болсоңуз же ооруп жатсаңыз, кант диабетинен жабыркаган болсоңуз орозо кармаардан мурда дарыгериңиз менен сѳзсүз кеңешиңиз. Биз ден соолуктун абалын текшере албай турган орто кылымда жашабайбыз. Белгилүү болгондой, бат-бат аздан тамак ичип турууну талап кылган кээ бир оорулар бар экенин эске алуу керек. Орозо кармоо менен ден соолукка коркунуч келтирип алуудан да коркуңуз! Жараткан болбой турган нерсени талап кылбайт, ошол үчүн кош бойлууга, дарманы жок карыга, оору менен алышкан ноокаска жеңилдик берген.

9. Рамазан айынын мааниси жѳнүндѳ жакындарыңызга, айланадагыларыңызга түшүндүрүп айтыңыз, бирок орозо кармоого мажбурлабаңыз.

Аллах Таалам баарыбызды келе жаткан берекелүү Орозо айына жеткирсин!

Булак: «Шамбала» гезити. №19 (294), 2019-жыл.

Бөлүшүү