Аалымдар Кеңеши Рамазан айынын алгачкы күнүн белгиледи

Автор -

Ушул жылдын 6-май дүйшөмбү күнү Рамазан айынын биринчи күнү деп белгиленди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 27-апрелдеги VII чакырылышынын жыйынында, 6-май Рамазан айынын биринчи күнү деп белгиленди.

Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап 1 күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү