ИИМ кызматкерлери 15 кгдан ашуун гашишти сатып жүргөн жаранды кармады

Автор -

Ушул жылдын 20-апрель күнү баңгитрафигинин жолуна бөгөт коюга багытталган ыкчам иш-чаралардын натыйжасында баңгизаттарды даярдоо, сактоо, сатуу, өткөрүп берүү менен алектенген жаран кармалган.  Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 килограммдан ашык гашиш табылып алынды.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү ) менен катталды.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бөлүшүү