26-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
383

Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат,- деп ӨКМден билдиришти.

25-27-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

26-28-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-3, күндүз 8…13,

Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүзгү 13…15° болот.