Тажикстанда сел коркунучунан улам бир нече маале жашоочулары көчүрүлдү (видео)

Автор -

Рудаки районунда Элок дарыясына жакын жайгашкан төрт маале жашоочулары сел коркунучунан улам коопсуз жайларга көчүрүлдү.

24-апрелдеги катуу жаандан улам Тажикстандын Элок дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, жакынкы айылдарды сел каптоо коркунучу жаралды.

Рудаки районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Фазлиддин Назарзода аялдардын жана балдардын бир бөлүгү мектептерге жана мечиттерге, калганы кошуна айыл жашоочуларынын үйлөрүнө жайгаштырылганын айтты.

“Учурда суунун деңгээли бираз төмөндөдү, кызматкерлерибиз коркунучтуу кырдаалдын алдын алуу аракетин көрүп жатышат”
деди ал.

Бул айылдардын жашоочулары үйлөрү бир метрге чейин суунун алдында калганын, малдарын жана баалуу буюмдарын башка айылдардагы туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырганын билдиришти. Комсомол маалесинин тургуну Кобилжон Сафаров эки жыл мурун дагы ушундай эле окуяны башынан өткөрүшкөнүн эске салды.

“Биз үйлөрдүн чатырларында жашадык. Тынчсызданып жатабыз. Мал жандыктарыбызды туугандарыбыздыкына жеткирдик, өзүбүз эми кайрадан чатырларда уктайбыз”
деди ал.

Нөшөрлөгөн жаан жана сел коркунучунан улам жашоочулар үйлөрүн жана дарбазаларын таштар менен тосуп, бекемдешүүдө.

Жергиликтүү бийлик бул төрт маале тургундарына сел коркунучу жоюлганга чейин балдарды мектепке жибербөөнү эскертти.

​Айылдыктар жыл сайын сел коркунучуна туш болушарын айтып, коопсуз жайдан жер тилкелерин бөлүп берүүнү суранышууда.

Бул арада Өзгөчө кырдаалдар комитети Тажикстанда туруксуз аба ырайы апрелдин аягына чейин созуларын маалымдады.

Бөлүшүү