Базар-Коргон районунда ушул жылдын 19-апрель күнү саат 17:00дө Акман айылынын тургуну 2014-ж.т. И.Э. дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлаган.
Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштери уланып, натыйжасында куткаруучулар саат 10:30да бөбөктүн денесин Кайырма көлү менен каналдын кошулган жеринен табышкан. Наристенин сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.