Базар-Коргондо 7 күндөн бери дайынсыз болгон 5 жашар баланын сөөгү табылды

Автор -

Базар-Коргон районунда ушул жылдын 19-апрель күнү саат 17:00дө Акман айылынын тургуну 2014-ж.т. И.Э. дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлаган.

Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштери уланып, натыйжасында куткаруучулар саат 10:30да бөбөктүн денесин Кайырма көлү менен каналдын кошулган жеринен табышкан. Наристенин сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү