Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү суу жээгинен табылды

Автор -
319

Кара-Үнкүр дарыясынын жээгинен 58 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Анын маалыматына ылайык, Базар-Коргон районунда 24-апрель күнү Кызыл-Үңкүр айылынын тургуну 1961-жылы туулган Ш.Б. аттуу аял дайынсыз жоголгон.

Кечээ издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин жалпы 31 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 33 адам тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында  саат 15:00дө Кара-Үнкүр дарыясынын жээгинен маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

 

Бөлүшүү