Ысык-Ата районунда 17 жаштагы кыз изделүүдө (фото)

Автор -

Ысык-Ата районунда 17 жаштагы Кундуз Кубатбек кызы изделүүдө. Бул тууралуу Чүй милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал 17-октябрда Ивановка айылындагы үйүнөн саат 7.30да чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 168-170 сантиметр. Үстүндө кызыл-жашыл түстөр аралаш кардиган, көк түстөгү көйнөк, жинсы шым ал эми бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим болгон.

Кыздын кайда экенин көрүп билгендер Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 0(312) 61-69-07,  0 (707) 25-79-02 номерлери аркылуу же 102 кызматына чалса болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү