Элине ѳчпѳс из калтырган Тѳлѳмүш Океев тууралуу кызыктуу фактылар

Автор -

Кыргыз киносуна, маданиятка ат кѳтѳргүс салым кошкон Тѳлѳмүш Океевдин кѳзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка чыкмак. Арабызда ѳзү жок болсо да артында калган эмгектерин, мээнетин эл билип, баалап келет. Режиссёрдун атындагы фондду жетектеген кызы Азиза Океева атасынын кылган эмгегин, атын ѳчүрбѳй сактап калууга аракет жумшоодо. Гапар Айтиев атындагы кѳркѳм сүрѳт музейинде 19-апрель күнү режиссёрдун жаркын элесине арналган сүрѳт кѳргѳзмѳсүнүн бет ачары болуп ѳттү. Бул саамалык да кыздарынын аркасы менен ишке ашып отурат.

«Балалыгы оор болгон, бирок бизге айтчу эмес»

-Атам 1935-жылдын 11-сентябрында Ысык-Кѳлдүн Бѳкѳнбай айылында тѳрѳлгѳн. Чоң атам согушка чейин эле оң бутун ириӊ чаап кетип майып болуп калган экен. Ошого карабай жети жылдык билимине таянып Туура-Суу айылындагы мектепте сабак берчү экен. Чоң апам эсепти билбесе да айылдагы дүкѳндѳ иштептир. Пейили кенен жаңы дүкѳндѳгү товарды ѳзүнүкүндѳй кѳрүп эле тарата берчү тура. Текшерүү келгенде чоң атам, туугандары биригип атып карыздарды араң жабышчу экен. Ѳзү бала күндѳрү тууралуу бизге  айтчу эмес. Кийин эс тартканда чоң апаман сурасам «жети бала менен дайыма сыз, ным жыттанган үйдѳ кыйналып жашачубуз» деген. Бирок атам кѳп жерден: «Мен боз үйдѳ тѳрѳлүп ѳскѳм. Канча жерди кыдырсам да балалыгымдын ошол элестериндей жылуу сезимди эч жерден таппадым»,-деп айтчу.Картинки по запросу океев

«Балдарын тарбиялоодо да дипломаттыгын колдончу,

— Атам үч баласына бирдей мамиле жасачу. Урушуп, атааӊдашып калсак элдештирүүнүн эң жакшы ыкмасын колдончу. Кантсе да дипломат эмеспи: «Улуу кызымды улуусу болгону үчүн, баламды жалгыз уулум болгону үчүн, кичүү кызымды кичүүсү болгону үчүн жакшы кѳрѳм», — дечү. Бир нерсени сындырып же кулатып алсак: «Талкала!» дегенден башка катуу айтчу эмес. Бирок жумушунда талапты катуу койчу. Эсимде, бир жолу киностудияга чогуу барсак эшиктин алдында жумушчулар чылым чегип турушуптур. Атам унаасынан тушѳрү менен шамал айдагандай жок болушкан. Апаман: «Эмнеге алар жок болуп кетишти?»-деп сурасам: Атам иш учурунда бош жүргѳн адамды жактырбайт», деген. Негизи атам башкаларга эле эмес, ѳзүнѳ-ѳзү талап коюп, ошого жооп бергенди билчү. Балдарынан эч кимибиз анын жолун жолдогон жокпуз. Сиңдим Алима 2010-жылга чейин ТҮРКСОЙДУН Кыргызстандагы ѳкүлү болуп иштеди. Азыр мага фонддо жардам берет. Экѳѳбүз атамдын атындагы фондду иштетип, атамдын элине кылган эмгегин унутта калтырбоонун аракетин кѳрүп келебиз. Иним Искендер Түркиядагы симфониялык оркестрде кыл кыякта ойнойт. Ошол эле учурда Анкарадагы «Билькент» университетинде сабак берет.Картинки по запросу океев

«Жумушка жан дилин арнап иштеди»

— Атам съёмкага мени кѳп ээрчиткен жок. Бирок 1966-жылы «Бакайдын жайыты» киносун тартып атканда Чоң-Ташка барып калдым. Жети жаштагы мен ошондо кино айдыңына биринчи жолу келип, ѳзүмдү жомоктогудай сезгем. Чурулдашып жургѳн актёрлор атамдын «Даярдангыла!» дегенин укканда чымындын учканы угулгандай тынчып калышчу. Кийин 1986-жылы эки кызымды алып Көлгө эс алганы бардым. Анда атам «Сүйүү закымдары» киносун тартып аткан. Бир эпизоду Кѳлдѳ тартылмак. Кокусунан тартуу аянтына барып калсам атам мени кѳрүп калып: «Ай, туристтер, бат боз үйгѳ кирип кийинип чыккыла! Массовкага киши жетпей атат»,-деди. Бир нече мүнѳттүк эпизоддогу массовка үчүн кечке тартылып жүрдүм. Ошондо атамдын кесиби канчалык оор экенин дагы бир жолу түшүнгѳм.Картинки по запросу океев

«Чогуу эс алгандан ырахат алчу»

— Атам кандай иштерман болсо, ошого жараша туура эс алганды да билчү. Дайыма бизди жаратылышка алып чыкчу. Бир жолу жаратылышка чыгабыз деп үйдѳн тѳшѳк, дасторкон, тамак-аш алып бардык. Кѳрсѳ, отурганга уруксат берилбеген корук жерге барып алыптырбыз. Кароолчуга кармалып кала жаздап атам бир колуна бизди, бир колуна тѳшѳктѳрдү кѳтѳрүп алып качканыбыз эсимден кетпейт. Кышында «Чоң-Таш» деген турбазага чыгарып эс алдырчу. Чана тээп, таза абада сергип ойноор элек. Кээде кечки тамактан кийин жѳн эле сыртка чыгып чогуу сейилдегенден ырахат алчу. Күндүн батып баратканын карап тургандан тажачу эмес. Албетте, убактысынын кѳбүн жумушуна арнады. Анын сапарынан келчү күндү чыдамсыздык менен күтүп сагынабыз. Ѳзгѳчѳ сиңдим Алима шкафта илинип турган кийимдерин жыттап куса болчу. Атамдын келген күнү майрам эле. Келеринде аэропортко туугандар, алардын балдары болуп барып чурулдап тосуп келер элек. Атам эч кимисин унутта калтырбай белек алып келчү. Мага бир жолу 1З жашымда Италиядан Барби куурчагын алып келгени кѳз алдымда. Ага чейин андай кооз курчакты ѳмүрүмдѳ кѳргѳн эмесмин. Сиңдим экѳѳбүз ал куурчак менен кѳп жыл ойнодук.Картинки по запросу океев

«Атам менен апамдын махабатына таӊ берем»

— Атам Ленинграддагы Киноинженер институтунда окуп жүргѳндѳ апам да ошол шаарга жогорку окуу жайга тапшырыптыр. Бирок ага чейин Фрунзедеги № 5 мектепте чогуу окушчу экен. Тагдырдын буйругу аларды экинчи ирет табыштырганына таң бергем. Мектепте ѳзүнѳн эки класс жогору окуган баланы апам мурда эле байкап жүрчү экен. Сѳзү курч, тың, класстын активист баласын ошондо эле баамдап коюптур. Кийин студент кезинде сүйлѳшүп, окууну бүткѳндѳ баш кошуп мекенине келишкен. Экѳѳ эч качан бѳлүнүшкѳн эмес. Атам апамды чет мамлекетке сапарга чыгабы, жолугушууга барабы, дайыма ээрчитип алчу. Кийин апам экономисттик кесибин таштап, съёмкаларда да атамды коштоп жүрүп калды.Себеби съёмкадан кийин атам абдан чарчап калчу. Ошондо тамагын таптап берип дайыма жанында болду. Апамдын башынан эки жолу чоң сыноо ѳттү. Биринчисинде онкологиялык оорудан операция болуп аман калган. Экинчисинде боору ооруп Германияга операцияга барыш керек болгон. Ошондо атам жашап аткан үйүбүздү сатып, апамды айыктырган. Бул сүйүү эмес эмне?!Похожее изображение

«Кошуналар апам менен сыймыктанышат»

— Апам учурда 81 жашта. Ѳмүр бою шаардык болуп жашап, акыркы беш жылдан бери айылда туруп калды. Шаардан 30 чакырым алыста жайгашкан айылга илгери атам ѳзү үй салган. Ал жактын абасы таза, жаратылышы кооз. Айылдыктар менен катышып, кошуналары менен чай ичишип турат. Алар да атактуу кошунасы менен сыймыктанарын айтып калышат. Чакан бакчасы бар. Алма, гүл тигип аларга кам кѳргѳндѳн ырахат алат. Үйдү кышында ѳзү жылытат. Кудайга шүгүр апамдын кыймылы жакшы, жанына тың. Шаарга келип жашаңыз десек уккусу жок. Абанын булганганын айтып жактырбайт. Конокко барарда алып келип, кайра үйүнѳ жеткирип турабыз. Учурда сиңдим кызы менен такай жанында. Биз болсо тынбай тамак-ашын, кем-карчын алып барып турабыз. Жаш кезиндегидей эле бизди башкарып, кѳзѳмѳлдѳп турат. Телефонду да жакшы колдонот.Картинки по запросу океев

Булак: «Леди.kg» гезити. 23-апрель. 2019-жыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү