Сооронбай Жээнбеков Владимир Зеленскийге куттуктоо телеграммасын жолдоду

Автор -

Сооронбай Жээнбеков Владимир Зеленскийди Украинанын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады.

«Сизди Украинанын Президенти кызматына шайланышыңыз менен чын ниеттен куттуктайм. Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элибиздин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем. Сизге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Украина элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм»
деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү