Тендер маселесине байланыштyу кыргызда: «Тендер — теңин бер» — деген жакшы сѳз бар. Бул сѳздү иш жүзүндѳ далай эле кѳрүп, угуп келатабыз. Кыргызстандын жүрѳгү болгон Бишкек мэриясындагы тендерлердин баары болбосо да кѳбү кѳмүскѳ кѳшѳгѳ артында миллиондорду сол чѳнтѳккѳ соломой операциясы менен аяктап, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келет. Бул тендер балакети менен Буга чейин айрым мэрлер соттолуп, кылмыш жообуна тартылышты. Азыркы мэр Суракматов, анын жан-жѳкѳрлѳрү Нурлан Койчубаков дегендер деле тендерди ѳткѳрүү иштеринде «кол ийрисине тартат» кылышып, кой десе болбой абакка «жолдомо» бере тyрган жосунсуз иштерди жорголотуп жасап жатышканы ачыкка чыга баштады. Эми буга жетиштүү далилдерди тизмектеп берели.
Кытайлык Компаниянын жеңишин тартып алышты
Маалым болгондой, Бишкек мэриясы 8-апрелде»Электронное билетирование»деп аталган тендердин экинчи этабын ѳткѳрдү. Бул деген эл бара-бара шаардагы коомдук транспорттордон баштап, кичи автобустарга чейин электрондук билет-карточка сатып алып, ошол боюнча жол кире тѳлѳп калышат дегенди түшүндүрѳт. Мына ушул маселе боюнча ѳткѳрүлгѳн тендерге (экинчи этапта) үч компания катышып, бардык талаптар боюнча кытайлык «Шанхай Шенту» компаниясы башка компаниялардан тѳмѳн бааны, тактап айтканда бир билет-карточка үчүн 0, 52 сом сунуштаган. Ошондой эле кепилдик катары 150 миң долларды мэриянын Бишкек жүргүнчүлѳрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын эсебине алдына ала которуп берген экен. Бирок мэрия болбогон шылтоолор менен аталган компанияны четке сүрүп, 0, 70 цент сунуштаган Швейцариялык ВРС Banking Technologies» компаниясын жеңүүчү кылып койду. Анын үстүнѳ швейцариялык компания мэрияга кепилдик катары алдын ала акча которгон эмес. Тендерге катышкан үчүнчү компания орусиялык «Золотая корона». Ал бир билет-карточка үчүн 0.88 сом сунуштаган. «ВРС Banking 7echnologies» компаниясы мэр Суракматов менен Койчубаковго эмнеси менен жакты? Балким, капчыктарын калыңдатып, абдан «ысыткан чыгаар. Биздин чоңдор «кур аякка бата жүрбѳйт» деген сѳздү жашоосундагы башкы ураан кылып келатышканы жалганбы?
0.49 деп оңдошуп, 150 миң долларды кайтарып бербей…
Мэрия кийин нааразычылык чыкпасын деген ниетте, ѳздѳрүнүн сайтындагы 0.70 сом деп кѳрсѳтүлгѳн бааны оңдоп түздѳп, -0 49 сом деп оңдоп жазып коюшкан. Бирок тендерде ѳткѳрүлгѳн убакыттагы биринчи протоколдо 0. 70 болуп жазылып калганын кайда катышат? Документти кийин каалашынча оңдошкону менен протоколдогу негизги түп нускасы калып калып жатпайбы. Негизи бул компания швейцариялык деп аталганы менен түбү орустардыкы экени айтылууда. Бул чуулгандуу тендерди мэрияга караштуу жүргүнчүлѳрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков ѳткѳрүп, болушунча чалмакейди чалгандыгы ачыкка чыгып калды. Койчубаковду бул кызматка ѳткѳн жылдын ноябрь айында эле мэр Суракматов дайындаган. Көрсө экѳѳ курсташ, жан бирге достордон экен. Суракматов бул тендерге кийлигишкеним жок дегенсип, досу Койчубаковду жоопкер кылып койгон. Дагы бир кызыгы Койчубаков «Шанхай-Шанту» компаниясынын РСК банкы аркылуу которгон 150 миң долларын аталган компанияга мыйзамда кѳрсѳтүлгѳндѳй 3 күндүн ичинде которуп бербей, 15 күндѳн ашуун ѳзү жетектеген ишкананын эсебинде катып жатыптыр. Эмнеге? Суракматов менен Койчубаков, кытайлык компаниянынын жеңишин тартып алганы аз келгенсип, алардын 150 миң доллары менен 15 күн бизнес жасаштыбы? Же «чотур» сындырып калалы деп чокчоңдоштубу? Бишкек мэриясынын тендердеги мындай былыктары ЖМКларга кѳп эле чыгып жатат. Парламент, ѳкмѳт, Президенттик аппарат, УКМК, Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы, айтор баары эң сонун билет. Бирок тиешелүү чара кѳрүлбѳй жатканында бир мандем бар. Президент Жээнбеков коррупцияга каршы күрѳш ийгиликтүү жүрүп жатат дегени менен, кѳз кѳрүнѳѳ мындай мыйзам бузуулар, баягы эле «теңин бер тендерлери» минтип ийгиликтүү ѳтүп жатканын кандай түшүнѳбүз? Мындай темп менен кете берсек бизге кайдан инвесторлор келет?
Койчубаковдун «кокуй» иштери толтура
Деги эле Койчубаков деген неме жасаган былык иштерине жараша, кѳптѳн бери «баскан жерине чѳп чыкпаган» куураткырлардын бири катары сыпатталып келет. Эл унутуп калбаса эске сала кетели, бул адам Бакиевдердин коюн-колтугуна кирип, 2007-жылы «Ак-Жол» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. «Акжолчулар» кыргыздын кымбат жери «Каркыраны» казактарга карматып жиберишкени баарыбызга маалым. Койчубаков мына ошол чыккынчылык ишке чоң салым кошкон чоңдордун бири. Депутат болуп турган кезде, жол тандабас унаасынын терезелерин караңгылатып алган үчүн МАИ кызматкери тоскон учурда, ага мандатына таянып адамгерчиликсиз сапатын кѳрсѳтүп сѳгүп-сагып олтуруп, ѳз милдетин так аткарып жаткан МАИ кызматкерин кызматтан айдатып жиберген. Ал эми парламенттик комитет Койчубаковдун административдик кодексти бузганын тастыктап, аны күнѳѳлүү деп тапкан. Бир сѳз менен айтканда Койчубаковдун бейнеси ушундай. Дагы элге жете элек далай былыктары бар. Маселен, ал ѳзүнүн компаниялары менен бир катар министрликтер ѳткѳргѳн тендерлерге катышып, «бармак басты, кез жумду» иштерди ийгиликтүү ишке ашырып келген экен. Ал тургай андай иштер боюнча козголгон кылмыш иштери укук коргоо органдарында «катылып» тургандыгы айтылууда. Биз жакында анын мындай былыктарын да ачыктаганга аракет кылабыз…
Булак: «Фабула.kg» гезити. 2019-жыл