Кыргыз Республикасынын эл артисти Сатыбалды Далбаев дүйнө салды

Автор -
253

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын, «Манас» ордени, «Даңк» медалынын ээси Сатыбалды Далбаев 85 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу мурдагы Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа кыштагында туулган.

Ал орто мектепти аяктагандан кийин 1952-жылы Москва шаарындагы мамлекеттик театр өнөрү институтунан (ГИТИС) билим алган.

Студенттик мезгилден тартып Сатыбалды Далбаев чыгармачылык дареметинин күчтүү экенин айгинелеп, курсташтарынын ичинен дароо алдыңкы катарга суурулуп чыгып, ГИТИСте окуган кыргыз студиясы койгон дипломдук спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү ойногон.

Сатыбалды Далбаев Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик жогорку театралдык институттан 5 жыл билим алып, профессор Михаил Петрович Чистьяков сыяктуу советтик театр чөйрөсүнөгү мыкты окутуучулардан таалим-тарбия алган.

Аталган институтту 1957-жылы аяктап келип, курсташтары Асанбек(Арсен) Өмүралиев, Болот Шалтаев, Зоя Молдобаева, Жанузак Молдобаев ж.б. менен Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артист болуп кабыл алынган.

Театрда эмгектенген жарым кылымдан ашуун эмгектенип, Далбаев дүйнөлүк жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган ондогон спектаклдерде башкы жана борбордук ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө белгилүү болгон.

Анын ысымы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Сыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаев ж.б. у. сыяктуу, алгачкы карылгачтарынан кийинки муундан чыккан атактуу артисти катары белгилүү.

Маркумду акыркы сапарга узаттуу 30 –апрель күнү Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык тетарында саат 10: оо до өтөт.

Бөлүшүү