“Мстители: Финал” тасмасы биринчи уик-эндде рекорд жаратты

Автор -

“Мстители” тасмасынын төртүнчү жыйынтыктоочу финалы прокаттын алгачкы дем алышында дүйнөлүк рекорд жаратты.

Walt Disney компаниясы билдиргендей, “Мстители: Финал” тасмасы биринчи уик-эндде 1 миллиард 200 миллион доллар топтоду. Бул “Мстители: Война бесконечности” чогулткан каражаттан эки эсеге көп.

АКШ жана Канадада “Мстители:Финал” тасмасы алгачкы дем алышта 350 миллион топтоду, бул дагы рекорд. Тасма Кытайда 330 миллион чогултту.

Орусияда тасма али чоң экранга чыга элек, анын бет ачары 29-апрелде болот.

Bloomberg басылмасы билдиргендей, “Мстители: Финал” тасмасы жалпысынан 2,5 миллиард доллар топтошу ыктымал. Он жыл мурун “Аватар” тасмасы дүйнөлүк прокатта 2 миллиард 700 миллион чогулткан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү