Өкмөт башчы Ереванга учуп кетти. Кимдер коштоп кетти? (тизме)

Автор -
276

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ереванга учуп кетти.

Армения Республикасынын Ереван шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчылары тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында соода, өнөр жай, айыл чарбасы, транспорт, туризм,  илим жана инновациялар сыяктуу багыттарда кызматташууларды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсү каралат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Өкмөт башчыны коштоп кеткендердин тизмеси:

  • Жеңиш Разаков — вице-премьер-министр;
  • Аликбек Жекшенкулов — Кыргызстандын Россиядагы элчиси;
  • Олег Панкратов — экономика министри;
  • Бакыт Шаршембиев — Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  • Алмаз Оңолбеков — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
  • Калысбек Жумаканов — Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы;
  • Алмаз Сазбаков — Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги атайын өкүлү;
  • Айбек Айдарбеков — КР президентинин аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Айбек Омокеев — тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү