1-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
358

1-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,

Таласта түнкүсүн 5…7, күндүз 9…21,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…8, күндүз 21…23,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18,

Нарында түнкүсүн 0…-3, күндүз 5…10,

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 21…23° болот.

Бөлүшүү